Жайлымышова Айнура Тентиевна

Англис тили мугалими

Жайлымышова  Айнура  Тентиевна  1968-жылдын  26-декабрында  Чүй  районунун  Кайырма  айылында  төрөлгөн.  1991-жылы  Кыргыз  кыз-келиндер  институтунун  англис  тил  факультетин  аяктаган.  1991-1992-жылдары  Прогресс  орто  мектебинде  эмгек  жолун  баштаган.  1992-жылдын 1- сентябрынан  баштап  Чүй  районундагы  Онбир-Жылга  орто  мектебине  англис тил  мугалими  болуп  которулуп  келип,  ушул  күнгө  чейин  иштеп  келет.

Айнура  Чүй  районундагы  билим  берүү  бөлүмүнүн  грамотасы  менен  жана  Кыргыз  Республикасынын  Ардак  грамотасы  менен  сыйланган.  Эмгек стажы  29-жыл. Ал  учурда  үй-бүлөлүү   3  баланын  апасы.