Изабекова Дилбара Канатбековна Талас районунун Кырк-Казык айылында 1962-жылы 30-апрелде төрөлгөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун ийгиликтүү аяктап, ушул эле жылы ЖОЖ министрлигинин жолдомосунун негизинде В.В.Маяковский атындагы институттун «Башталгыч класстарга билим берүүнүн методикасы» кафедрасына окутуучу болуп кабыл алынып иштөөдөн баштаган. 1990-2000-ж Чуй районунун Прогресс орто мектебинде башталгыч класстарынын мугалими болуп иштеген. 2000-2002- жылдары Токмок шаарындагы № 7 орто мектебинде иштеди. 2002-2008-жылдары Бишкек шаарындагы № 76 мектеп-лицейде эмгектенген. 2008-жылдан баштап ушул кунгө чейин Чуй районунун Онбир-Жылга айылындагы А.Керимбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими болум эмгектенип келе жатат.